2- Ноябрь 2009 -жылы Пакистанда террордук акт болуп, 40тан ашуун адам набыт болгон

Пакистанда террордук акт болуп, 40тан ашуун адам набыт болгон. Пакистандын Равалпинди шаарында көчөдө жанкечти өзүн жардырып жиберип, 40тан ушуун адам курман болуп, 60тан ашуун адам ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан.  

Жардыруу “Шалимар” деген 4 жылдыздуу мейманканадан, банктан жана пакистандык армиянын штабынан алыс эмес жерде болгон. Окуя болгондон бир ай мурда пакистандык армиянын штабына дагы террористтер чабуул коюшкан. Жардырууну уюштурган жанкечти-террорчу жардыргыч затты 2 дөңгөлөктүү транспорт каражатында иштеткен. Пакистандын укук коргоо органдары ошол мезгилдеги террористтик активдүүлүктүн өсүшүн экстремисттер - талибдердин ишмердүүлүгү менен байланыштыган. Жардыруу болгон күнү Пакистандын Лахора шаарында дагы террордук акт болуп, 15 адам жабыркаган. Маалымат каражаттары бул окуялар болгон күн АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон расмий иш сапары менен Пакистанга барышына туш келиши кокустук эмес деп жазып чыгышкан. 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан