2- Ноябрь 2000 -жылы Журналист Георгий Гонгадзенин жансыз денеси табылган
Тараща шаарындагы токойдо украиналык журналист Георгий Гонгадзенин жансыз денесин таап алышкан. Күбөлөрдүн айтымында, журналист ошол жылы 16-сентябрда саат 23:30 чамасында жумушунан чыгып кетип, үйүнө кайтып барган эмес. Ошентип 2 жарым айдан ашык убакыт өткөн соң токойдон анын башы жок жансыз денесин таап алышкан. Анын Г. Гонгадзе экендигин аялы жана достору таанып билишкен. Г. Гонгадзе белгилүү украиналык оппозициялык журналист катары белгилүү болчу. Ал "Украина чындыгы" интернет басылмасынын негиздөөсүсү жана башкы редактору болгон. 2008-жылдын декабрь айында Киев шаарында Г. Гонгадзенин урматына эстелик орнотулган. 2013-жылы 29-январда Украинанын Ички иштер министрлигинин кызматкери, генерал Алексей Пукач бул кылмышты жасаган деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Анын денеси өлүмүнөн 15 жыл өткөн соң, 2015-жылы март айында жерге берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан