2- Ноябрь 2004 -жылы Нидерланддык кинорежиссёр Теодор ван Гог тасмасы үчүн өлтүрүлгөн

Нидерланддык кинорежиссёр, продюсер, жана актёр, сүрөтчү Винсент ван Гогдун алыскы жээни Гог Теодор ван Амстердамда өлтүрүлгөн.

Ал 1957-жылы 23-июлда Гаага шаарында туулган. Ван Гог өлкөсүндөгү "Republikeins Genootschap" партиясынын мүчөсү болгон. Саясатчы жана жазуучу Айаан Хирси Алинин сценарийи боюнча 10 мүнөттүк "Ийкемдүүлүк" аталышындагы тасмасын тарткан. Тасмада ислам дининдеги аялдарга болгон айрым катаал мамилелер чагылдырылып, сынга алынган. Таңга маал Ван Гог жумушуна бара жатканда радикалчы Мохаммед Буйери аны 8 жолу атып, кекиртегин кесип, төшкө бир нече жолу сайып, аны "Ийкемдүүлүк" тасмасы үчүн өлтүргөнүн катка жазып, денесине кыстарып кеткен.

Кылмышкер кармалып, 2005-жылы 26-июлда өмүр бою кесилген жана мөөнөтүнөн мурда бошоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан