3- Ноябрь 1982 -жылы Ооганстандагы Саланг ашуусунда жол кырсыгы болуп, 176 адам курман болгон

Ооганстандагы Саланг ашуусунда жол кырсыгы болуп, 176 адам курман болгон. Алардын 64ү советтик аскер кызматкерлери болгон. Советтик жана ооганстандык аскерлерди салып бараткан унаа алдында келе жаткан күйүүчү май ташып бара жаткан унаа менен сүзүшүп, жол тыгыны жаралган. Туннелдин шамалдатуу системи иштебей калгандыктан, адамдар газга ууланып каза болушкан. Туннелдин кире беришинен 500-600 метр алыстыкта болгон адамдар чыгып кетип аман калган. Батыш булактарынын айтымында, трагедиялуу окуяда курман болгондордун саны 1100дөн ашкан.

Саланг тоннели советтик адистер тарабынан 1958-1964-жылдар аралыгында курулган. Аталган тоннелдин узундугу 2,7 чакырымды түзөт. Анын курулушуна  42 миллион АКШ доллары сарпталган. Ал эми Саланг ашуусу Гиндукуш тоосунда жайгашып, Ооганстандын түндүк жана борбордук бөлүгүн бириктирип турат.  

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан