2- Ноябрь 1982 -жылы Ырчы Айжамал Кабылова төрөлгөн
"Кыз-Бурак" тобунда бир нече жылдар бою эмгектенип, атактуулукка жеткен ырчылардын бири Айжамал Кабылова Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Болочоктогу ырчы  6-классынан тарта "Кыз-Бурак" тобуна алынып, аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын колунда тарбияланган. Турмушка чыкканга чейин аталган топто чыгармачылыгын өстүрүп, үй-бүлөлүү болгон соң топтон кетип, чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Ал арада ырчы 1 кыз, 1 уулдуу болгон. 2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланткан. Ырчыны элге популярдуулукка жеткирген ырлары: "Жан жан", "Ак куулардын арманы", "Айта бар арманымды", "Күттүм сени", "Турмуш сабагы" ж.б. Үй-бүлөдө 5 бир тугандын улуусу.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан