Теги венгриялык болгон америкалык финансист жана коомдук ишмер, "Сорос" фондунун негиздөөчүсү Жорж Сорос Будапештте туулган. Жорж Сорос 1947-жылы Англияга көчүп, Лондондогу экономика жана саясат мектебине тапшырган. Мектепти 3 жыл өткөн соң аяктаган. 1956-жылы Нью-Йоркко көчүп кеткен.