7- Ноябрь 1902 -жылы
Врач Федор Архангельскийдин демилгеси менен Орусиянын Тула шаарында ичкен адамдарды соолуктуруучу жай ачылган
Дарыгер Федор Архангельскийдин демилгеси менен Орусиянын Тула шаарында алгачкы жолу ичкиликке берилип кеткен адамдарды соолуктуруучу жай ачылган. Бул жер спирт ичимдигине берилип кеткен абалы оор адамдарга медициналык жардам, бекер баш калкалоочу жай берүүгө багытталган. Аталган жай ичкичтердин амбулаториясы жана алардын балдары үчүн баш калкалоочу жайдан туруп, 2 бөлүккө бөлүнгөн. Ал жерде фельдшер жана айдоочу иштеген. Айдоочу шаарды кыдырып, көчөдө жүргөн ичкичтерди таап, дарылоо үчүн алып кетип турган. 1913-жылы Санкт-Петербургдагы гигиеналык көргөзмөдө Ф.Архангельский бул демилгеси үчүн күмүш жана алтын медалдар менен сыйланган. Бул жердин иштеп баштаганынан бир нече жыл өткөн соң Орусиянын башка шаарларында дагы ичкиликке берилип кеткен адамдарды соолуктуруучу жайлар ачыла баштаган.