8- Ноябрь 1923 -жылы
Алгачкы интегралдык микросистемди жана чөнтөк калькуляторун ойлоп тапкан америкалык инженер Жек Килби жарыкка келген
Джек Сен-Клер Ки́лби 1923-жылы 8-ноябрда АКШнын Миссури штатындагы Жефферсон-Сити шаарында туулган. Грейт-Бенд аймагындагы мектепти аяктап, Урбан-Шампейн шаарындагы Иллиной университетинде бакалавр даражасында билим алган. 1947-жылы Висконсин-Милуоки университетинде электротехника бонча магистрдик билим алып, ошол эле учурда бул шаардагы Centralab компаниясында иштеген. 1958-жылдан 1983-жылга чейин АКШнын Даллас шаарындагы Texas Instruments компаниясында иштеген. 1958-жылы Ж.Килби Texas Instruments компаниясында иштеп жатып, интегралдык схеманы патенттеген. 1978-жылдан 1985-жылга чейин ал Техас айыл-чарба жана машина куруу университетинде профессор, 1967-жылы АКШнын инженердик академиясынын мүчөсү болуп иштеген. 1967-жылы чөнтөк калькуляторун жана термопринтерди ойлоп тапкан. Жек Килби ойлоп тапкан алгачкы электрондук чөнтөк калькулятору 1967-жылы ”Покетроник” аталышы менен сатыкка чыккан. Калькулятордун экраны катары принтердин кагаз тасмалары колдонулган. Жаңы ойлоп табылган клькулятор интегралдык системдин атаандаштыкка жол ача турган потенциалын көрсөткөн. 1969-жылы АКШнын улуттук илимий медалы менен сыйланган.Окумуштуу 1958-жылы интегралдык микросистемди ойлоп тапкандыгы үчүн ошол жылы Нобель сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Ж.Клиби 2005-жылы 20-июнда Даллас шаарында көз жумган.