4- Ноябрь 1921 -жылы Япониянын премьер-министри Хара Такаси террорист тарабынан өлтүрүлгөн

Япониянын премьер министри Хара Такаси террорчу тарабынан өлтүрүлгөн. Хара Такаси 1856-жылы 9-февралда Мориока аймагында самурайдын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1871-жылы Токио шаарына окууга кетип, 17 жашында католик аталган. Кесиптик жолун кабарчылыктан баштап, кийинчерээк гезиттин репортёру болуп иштеген. Япониянын тышкы иштер министри Иноуэ Каорунун айтуусу менен аталган министрликте иштей баштайт. 1918 жылдан 1921-жылга чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Кытайда жана Францияда дипломаттык кызматтарда иштеген. 1890-жылдардын башында Хара Такаси Тышкы ишер министринин жеке катчысы, андан соң орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Япониянын Кореядагы элчиси катары эмгектенген. Адан кийин мамлекеттик кызматын таштап, журналистика тармагына кайтып барат. Бирок 1900-жылы “Риккэн Сэйюкай ” партиясына кошулуп, анын башкы катчысы болуп дайындалат. 1912-жылы аталган партиянын башчысы болот. 1900-жылдан 1901-жылга чейин байланыш министри, бир жылдан кийин  Япониянын парламентинин өкулү болуп иштеп баштайт. 1906-жылдан 1914-жылга чейин Ички иштер министри болуп эмгектенет. Ал эми 1918-жылы премьер министр болуп дайындалат. Анын бийликке келиши менен Японияда партиялык башкаруу башталган. 1921-жылы 4-ноябрда Япониянын темир жол вокзалында Х.Такаси Вашингтон конференциясынын жүрүшүнө канааттанбаган террорчу тарабынан өлтүрүлгөн.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан