Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. М.Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1986-жылы "Ардак Белгиси" ордени менен, 2005-жылы III даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган. 1980-жылы Кыргыз Эл акыны наамын, 1970-жылы Ленин комсомолу сыйлыгын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук "Ленин жолу" гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген.1961-жылдан 1991-жылга чейин "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер, "Поэзия" бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле "Аялзат" гезитинде башкы редактор, 1995-жылдан баштап "Курманжан датка" фондунун төрагасынын кеңешчиси катары иштеген.
Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. 1961-жылы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген. Ал эми "Ишеним дайым жүрөктө" жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата Журт акындын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс тема деп эсептелет. Жалпы эле экология проблемасы "Гүлдөр суу сурайт" аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган саптар арбын. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. Ал эми акындын калемине таандык "Атаке Баатыр" драмасы 2006-жылы 22-ноябрда Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган.