8- Ноябрь 1953 -жылы Орус жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Иван Бунин көз жумган

Орус жазуучусу, акын, Нобель сыйлыгынын ээси Иван Бунин 1870-жылы 22-октябрда Воронеж шаарында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучу Орловский губерниясына көчүп барып, балалык доору ошол жерде өткөн. Гимназияда 4 жылдык гана билим алган И.Бунин толук кандуу билим албагандыгы үчүн өмүр бою өкүнгөн. Буга карабастан, ал эки жолу Пушкиндин сыйлыгын алган. Улуу агасы И.Бунинге тилдерди жана башка илимдерди үйрөтүп, окуткан. И.Буниндин чыгармачылыгында улуу жазуучулар Горький, Толстой, Чехов менен таанышуусу маанилүү из калтырган. Жазуучу А.С.Пушкин жана М.Ю.Лермонтовдун чыгармачылыгынан эргүү алып, алгачкы ырын 17 жашында жазган. Анын алгачкы ырлары 1888-жылы жарык көргөн. 1889-жылы И.Бунин Орёл аймагына көчүп барып, жергиликтүү гезитте корректор болуп иштеген. Анын “Ырлар” ("Стихотворении") аттуу жыйнагы жазуучунун алгачкы басылып чыккан китеби болуп эсептелет. 1898-жылы “Ачык асман алдында” ("Под открытым небом"), 1901-жылы “Жалбырактын түшүшү” ("Листопад") аттуу ыр жыйнактары чыккан. 1909-жылы жазуучу Санкт-Петербургдагы илимдер академиясынын ардактуу академиги аталган. И.Бунин революциянын идеяларына көңүлү толбой, мекенин таштап кетип калган. И.Буниндин өмүрүнүн көп бөлүгү башка өлкөлөргө сякаттоо, көчүп баруу менен өтсө дагы жазуучу адабий ишмердүүлүк менен алектенүүнү токтоткон эмес. Айтсак, 1924-жылы “Митиндин сүйүүсү” ("Митина любовь"), 1925-жылы “Күн соккусу” ("Солнечный удар") жана 1933-жылы өзүнө Нобель сыйлыгын алып келген “Арсеньевдин жашоосу” ("Жизнь Арсеньева") аттуу романын жараткан. 1944-жылы И.Бунин “Таза дүйшөмбү” ("Чистый понедельник") аттуу аңгемесин жазып бүтүргөн. 1937-жылы жазуучу “Толстойду бошотуу” ("Освобождение Толстоя") деп аталган философиялык-адабий эмгегин жазып бүткөн. 1938-жылы И.Бунин Прибалтикага барып, андан соң “Жаннет” вилласына көчүп барган. Ал согуш учурунда мекенинин тагдырына тынчсызданып, Кызыл армиянын жеңишин чыдамсыздык менен күткөн. Ошондой эле И.Бунин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин Орусияга кайтып барууну кыялданып, бирок анын бул тилеги ишке ашпай калган.   

И.Бунин адабият тармагында Нобель сыйлыгын алган биринчи орус жазуучусу болгон. Анын Варвара аттуу алгачкы сүйүүсү анын жубайы болгон эмес. Ошондой эле анын биринчи никеси дагы ийгиликсиз болуп, жубайы Анна Цакни анын чыгармачылыгына кайдигер мамиле кылып, жазуучунун сүйүү сезимдерине жооп бере алган эмес. И.Буниндин экинчи аялы Вера андан кетип калып, бирок бир нече убактан кийин кайрылып келген.

Жазуучу А.П.Чехов жөнүндөгү китебин жазып бүтүргөнгө жетишпей калган. Анын акыркы эмгеги 1952-жылы жарык көргөн “Түн” ("Ночь") көркөм ыры болуп эсептелет. 1953-жылы И.Бунин каза болуп, Париждеги Сен-Женевьев-де-Буа деген орус көрүстөнүнө коюлган.   

 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан