8- Ноябрь 2005 -жылы АКШда 14 жаштагы өспүрүм мектептин директорунун орун басарын атып өлтүргөн
АКШнын Кентукки штатындагы Кэмпбелла орто мектебинде 14 жаштагы окуучу Кеннет Бартли мугалимдерге ок чыгарган. Жыйынтыгында, мектептин директорунун орун басары Кен Брюс каза болуп, ал эми директор Гэри Сил жана анын дагы бир орун басары оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Тартип сакчылары өспүрүмдү окуя болгон жерден кармап кетишкен. Тапанчаны атасынан алган К.Бартли аны сатып, ордуна баңгизатын алууну максат кылган. Кылмышкер күнөөсүн мойнуна алып, сот Кеннет Бертлини 45 жылга эркинен ажыраткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан