1983-жылы 8-ноябрда TAAG Angola Airlines ruen компаниясынын Boeing 737-2M2 үлгүсүндөгү учагы Туштүк Африка Республикасынын аймагындагы Ангола Республикасынын Лубанго шаарынан Луанду шаарына бара жаткан. Учак учуп баштагандан 2 мүнөт соң 60 метрдей бийиктикте абага көтөрүлүп, кайра кулап түшкөн. Кырсыктан учактын ичиндеги 130 адам – экипаждын 4 мүчөсү жана 126 жүргүнчү курман болгон. Башка булактардын маалыматына караганда, курман болгондордун саны 150гө жеткен. Өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кырсык техникалык мүчүлүштүктөн улам келип чыккандыгын айтышкан.