реклама

9-ноябрь, 1818-жылы Орус жазуучусу, драматург жана публицист Иван Тургенев туулган

Дүйнө

Орус адабиятындагы 19-кылымдын классиги Иван Тургенев 1818-жылы 9-ноябрда Орусиянын Орёл шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 6 роман, бир нече аңгеме, повесть, макала, пьеса жана ырлардын автору. Окуу жайда окуп жүргөндө 1834-жылы жазуучу эң алгачкы “Стено” аттуу поэмасын жаратат. Ал эми 1838-жылы “Кеч” (“Вечер”) жана Венера Медицейскаяга (“К Венере Медицеской”) аттуу алгачкы ырлары жарык көрөт. И.Тургенев 40-жылдардын аягынан тартып 50-жылдардын башына чейин драматургия менен алектенип, “Бойдок” (“Холостяк”, 1849), “Айылда бир ай” («Месяц в деревне», 1850), “Элетттик” (“Провинциалка”, 1851) жана башка эмгектерин жараткан. Бул чыгармалары театрда коюлуп, элдердин сүймөнчүгүнө ээ болгон. И.Тургенев акын Жорж Байрон жана жазуучу Уильям Шекспирдин чыгармаларын орус тилине которгон. Жазуучу Николай Гоголдун өлүмүнөн кийин И.Тургенев ага арнап чыгарма жазып, бул үчун ал эки жылга өзүнүн айылына сүргүнгө айдалып кетет. Мунун себебин анын радикалдык көз карашта болгондугу менен байланыштырышат. Сүргүндө жүргөндө 1852-жылы И.Тургенев “Муму” аңгемесин жазат. Мындан ташкары жазуучунун “Аталар жана уулдар” (“Отцы и дети”, 1862), “Түтүн” (“Дым”, 1867), “Айдалбаган жер” (“Новь”, 1877), “Ашыкча адамдын күндөлүгү” («Дневник лишнего человека», 1849), (“Бежин луг, 1851”), “Ася” (1858), “Жазгы суулар” (“Вешние воды”, 1872) аттуу белгилүү чыгармалары бар. 1855-жылдын күзүндө И.Тургенев жазуучу Лев Толстой менен таанышат. Ага чеин Лев Толстой И.Тургеневне арналган “Токойду кесүү” (“Рубка леса”) аттуу эмгегин жарыялаган.  

1863-жылдан тарта И.Тургенев Германияга барып, ал жерден Батыш Европанын залкар жазуучу-акындары менен таанышат, аларды орус адабияты менен тааныштырат. Гезиттердин биринде редактор-кеңешчи болуп иштеп, орус тилиндеги чыгармаларды француз, немис тилдерине же бул тилдердеги чыгармаларды эне тилине которуу менен алектенет. Ошентип ал Европа элдерине таанылган орус жазуучусуна айланат. 1879-жылы жазуучу Оксфорд университетинин ардактуу доктор наамын алган. Ал А.С.Пушкиндин, Н.В.Гоголь, М.ЮЛермонтов, Ф.М.Достоевский жана Л.Н.Толстой өңдүү жазуучулардын чыгармаларын башка тилдерге которгон.  1870-жылдын аягынан тартып 1880-жылдын башына чейинки аралыкта И.Тургеневдин атактуулугу өз өлкөсүндө эле эмес башка өлкөлөрдө дагы арткан. Ал эми адабият сынчылары аны мыкты жазуучулардын катарына кошушкан.

Жазуучу тууралуу кызыктуу фактылар:

·         И.Тургенев ата-энесинин акчасын көңүл ачуу үчүн колдонуп, жеңил ойлуу болгон. Бир күнү апасы ага почта аркылуу аманат жиберип жатып, тамак-аш, акчанын ордуна кирпич салып, уулун жазалаган.

·         Жазуучунун жеке жашоосу ойдогудай болгон эмес. Көп сүйүү мамилелери болуп, бирок бир дагы жолу никеге турган эмес. Анын жашоосундагы эң чоң сүйүүсү Полина Виардо аттуу опера ырчысы болгон. И.Тургенев 38 жыл бою ырчы жана анын жолдошу Луи Виардо менен тааныш болгон. Луи жана И.Тургенев бир жылда каза болушкан.

·         И.Тургенев дайыма тыкан кийинип, өзүн таза алып жүрчү. Отурган жеринде тазалык болмоюнча чыгармачылык менен алектенген эмес.

1882-жылдан тарта жазуучу подагра, стенокардия жана невралгия илдеттерине чалдыгат. Ошентип оорунун айынан 1883-жылы 3-сентябрда Франциянын Париж шаарындагы Буживале деген шаар четиндеги аймакта каза болуп, сөөгү Орусиядагы Петербург шаарынын Волковский көрүстөнүнө коюлган.

  (200 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: