И.В.Сталиндин экинчи жубайы Надежда Аллилуева өзүн-өзү атып өлтүргөн
Кээ бир тарыхчылар Надежда Аллилуева өлүмүнүн алдында И.В.Сталин менен ажырашууну көздөп жүргөндүгүн жазышкан. Себеби жубайлар бири-бирин түшүнө албай, экөөнүн ортосунда уруш көп болуп турган. 1932-жылы 7-ноябрда Сталиндин Ворошилов шаарындагы үйүндө Октябрь революциясынын 15 жылдыгы белгиленип жаткан учурда аялы экөө уруша кетет. Таарынычтан улам жубайы Н.Аллилуева Кремль шаарындагы үйүнө кетип калган. 9-ноябрда таңга маал колунда “Вальтер” тапанчасын кармаган Н.Аллилуеванын жансыз денесин табашкан. Ал кат жазып таштаган эмес. Бирок орус гезиттери окуянын эртеси күнү Н.Аллилуеванын сокур ичегисине операция жасалып жатканда каза болгондугун жазып чыгышкан. Ошондой эле Н.Аллилуева Сталиндин биринчи никесиндеги уулу Яков менен жакын мамиледе болгондугу үчүн Сталин аны атып өлтүргөндүгү тууралуу кептер эл арасында тараган.