9- Ноябрь 2013 -жылы Индонезияда тик учак кулап, 13 адам курман болгон
Индонезиянын Куралдуу күчтөрунө таандык Ми-17 үлгүсундөгү тик учак аталган өлкөдөгү Борнео аралынын үстүнө кулап түшүп, күйүп кеткен. Кырсыктан улам 13 адам курман болгон. Жалпысынан тик учактын ичинде 21 адам болгон. Курман болгондордун 7 аскер учкучтары жана 13  жарандык жумушчулар экендигин билдиришкен. Ошондой эле тик учак 500 килограмм салмактагы курулуш материалдарын салып бараткандыгы белгилүү болгон. Кырсык тик учактын кыймылдаткычында мүчүлүштүк болгондугу үчүн келип чыккандыгы айтылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан