10- Ноябрь 1996 -жылы Орусияда мүрзөнүн жанында жардыруу болуп, 14 адам курман болгон
1996-жылы 10-ноябрда Орусиянын Москва шаарындагы көрүстөндө Ооганстандагы согуштан майыпка айлангандардын орусиялык фондунун лидери, маркум Михаил Лиходейди эскерүү аземи өтүп жаткан. Иш-чарага 150гө чукул адам чогулган. Күтүүсүз жерден мүрзөнүн жанында турган столдун алдындагы жардыргыч зат жарылып, 14 адам курман болуп, 30дан ашуун адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жарылуунун калдыктары 70 метр бийиктикке чейин учкан. Террорчулар жардыргыч затты ток аркылуу иштетишкендиги белгилүү болгон. Курман болгондордун арасында М.Лиходейдин жесири жана фонддун директору Сергей Трахиров бар эле. Ошондой эле жардыруу болгон жерде тереңдиги 1 жарым метр, кеңдиги 2 жарым метр болгон чуңкур пайда болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан