5- Декабрь 1936 -жылы Туңгуч энциклопедист Закон Бейшеев туулган

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССР басма сөзүнүн отличниги, туңгуч энциклопедист Закон Бейшеев 1936-жылы 5-декабрда төрөлгөн, улуту кыргыз, жогорку билимдүү, 1953-жылдан Бишкек шаарында жашайт. 1958-жылы Фрунзе политехника институтунун тоо-кен жана геология факультетин бүтүрүп 1958-1971-жылдары Кыргыз геология башкармасынын геологиялык экспедицияларында геолог, отряд жетекчиси болуп эмгектенген. 1972-жылы Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитети менен Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Кыргызстанда алгачкы универсал энциклопедия даярдап жарыкка чыгаруу жөнүндө чечимине байланыштуу Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында иштөө үчүн чакырылган. Мында ал 44 жыл эмгектенип, илимий редактор, редакция башчысы, энциклопедиянын жооптуу секретары жана башкы редактордун орун басары кызматтарында ийгиликтүү эмгектенген. Натыйжада кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы улуттук-универсалдык энциклопедияны даярдоого жигердүү катышкан жана аны басып жарыкка чыгарууну уюштуруп. орчундуу салым кошкон. “Манас” энциклопедиясын даярдап чыгаруу демилгесин көтөргөн, ошондой эле илимий-маалыматтама басылмаларын  калыптандырууда чоң эмгек сиңирген. Анын түздөн-түз жетекчилиги менен Кыргыз Советтик энциклопедиядан башка ондогон аймактык энциклопедиялар жана сөздүктөр жарык көргөн. Алардын ичинен “Кыргыз Совет энциклопедиясы” 1984-жылы жана “Манас энциклопедиясы” 1998-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекет сыйлыгынын лауреаты сыйлыгына татыктуу болгон.

3.Бейшеев 2003-жылдан тартып көп томдуу улуттук энциклопедиянын жаңы басылышына активдүү катышып, кыргыз элинин көп жылдык тарыхы менен маданиятын, искусствосу менен илим-билимдеги жетишкендиктерин даңазалоо жана элге жеткирүү максатында Башкы редактордун орун басары катары кыйла салым кошкондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Тарых жана маданият жылына” карата бардык томдору жарык көрдү.

1990-жылдан Республикалык “Эскерүү” китебинин Редколлегия мүчөсү, 2003-жылдан төраганын орун басары катары “Эскерүү” китебинин республика боюнча 15 томун чыгарууга активдүү катышкан.

1994-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында Ысык-Көл энциклопедиясын даярдоо иштерине киришип, ага энциклопедиянын жооптуу секретары катары Бейшеев 3. Б. жетекчилик кылган. Натыйжада Ысык-Көл энциклопедиясы 1995-ж. кыргыз жана орус тилинде жарык көргөн. Ал “Даңк”, “Эмгек ардагери” медалдары ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан