14- Ноябрь 1901 -жылы

Австриялык дарыгер Карл Ландштейнер кан группаларын ачкан

Австриялык иммунолог Карл Ландштейнер Вена шаарындагы патология институтунда иштеп жүрүп, 1901-жылы 13-ноябрда өзүнүн жана башка 5 кесиптешинин канын алып, кандын суюктугу менен эритроциттерин аралаштырган. Жыйынтыгында адамдын каны A, B, O деген 3 группага бөлүнөрүн аныктаган. Бул ачылыш бир адамдын канын башка адамга куюунун принциптерин иштеп чыгууга жол ачкан. Ал эми 1903-жылы К.Ландштейнердин окуучулары Адриано Штурли жана Альфред фон Декастелло кандын төртүнчү - AB группасын ачышкан. К.Ландштейнер жасаган ачылышы үчүн 1930-жылы "Нобель" сыйлыгына татыктуу болгон. 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан