14- Ноябрь 1960 -жылы
Чехияда поезддер сүзүшүп, 118 жүргүнчү курман болгон
Чехиядагы Пардубице-Градец-Кралове жолунда, Стеблов станциясынан 1500 метр алыс жерде №653 жана №608 поезддери кагылышкан. Кырсыктан улам 118 жүргүнчү курман болуп, 110 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Кырсыктын келип чыгышына №608 поезддеги жүргүнчүлөр курамындагы бригаданын мүчөлөрү күнөөлүү деп табылган. Алар Стеблов станциясынан нөөмөттө турган адамдын уруксатысыз чыгып кетишип, семафордогу тыюу салынган белгилерге көңүл бурбай поездди айдашкан. Аталган темир жол кырсыгына күнөөлөнгөндөр бир нече жылга эркинен ажыратылган.