Сууда сүзүү боюнча дүйнөнүн 6 жолку чемпиону, советтик жана орусиялык суучул Александр Попов 1971-жылы 16-ноябрда Орусиянын Свердлов облусунда жумушчулардын үй-бүлөсундө туулган. Ата-энеси уулунун ден соолугуна пайдалуу болсун деп аны сууда сүзүү спортуна берет. Кичинекей суучул окуусуна караганда спорттун бул түрүнө көбүрөөк кызыга баштагандыктан, атасы машыгууларын токтотууну сунуштайт, бирок Александр баш тартат.
Спортчу жаштайынан сууда сүзүү боюнча мелдештерге катышып, бир нече жолу жеңишке жетишет. Андан соң жогорку окуу жайына тапшырып, Волгоград шаарына көчүп барат. Суучулдун ал жердеги машыктыруучулары Анатолий Жучков жана Геннадий Турецкий болгон. А.Поповдун алгачкы маанилүү жеңиши болуп 1991-жылы Грециянын Афина шаарында өткөн Европа чемпиондугунда 4 алтын медаль жеңип алгандыгы эсептелет. 1992-жылы ал Барселонада 2 жолку олимпиада чемпиону аталган. Ал эми 1993-жылы Европанын 2 жолку, 1994-жылы дүйнөлүк рекорд коюп, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону аталат. 1995-жылы Попов Европа чемпиондугунда 2 алтын медаль тагынып, Атлантада өткөн олимпиада оюдарында 2 жолу чемпион болот.
Спортчу 1993-жылы Австралияга көчуп барып, 1996-жылы августта Москва шаарына кайтып келет. Ошол жылы көчөдөн аны бычак менен сайып кетишет. Бирок Автандил Манвелидзе аттуу хирург суучулга кайрадан спортко кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн берип дарылаган. 1997-жылы А.Попов Европа чемпиондугунда 2 алтын медаль алып, бир жылдан соң 3 жолку дүйнө чемпиону аталып, Эл аралык сууда сүзүү федерациясынын мыкты суучулга берилүүчү кубогуна татыктуу болгон
1999-жылы Европа чемпиондугунда суучул күмүш жана коло медалдарды алып, Сиднейдеги олимпиада оюндарында дагы күмүш медалга татыктуу болгон. 2000-жылы А.Попов Эл аралык олимпиада комитетине эң жаш мүчөлөдүн бири болуп шайланат. Бүгүнкү күндө ал Орусия Федерациясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт кеңешинин, Орусиянын олимпиада комитетинин жана Бүткүл орусиялык "Спорттук Орусия" («Спортивная Россия») коомунун мүчөсү. Буткүл орусиялык сууда сүзүү федерациясынын биринчи вице-президенти, "Локомотив" дене тарбия жана спорт коомдук уюмунун төрагасы.
СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери А.Попов "Достук" ("Дружба") жана 3-даражадагы "Мекен алдындагы кызматы үчүн" («За заслуги перед Отечеством») ордендери менен сыйланган. Анын жубайы - белгилүү спортчу, суучул Дарья Шмелёва. Экөөнүн ортосунда 2 уул жана 1 кызы бар.