2009-жылы Наристелерди коргоонун Европа фондунун (EFCNI) демилгеси менен 17-ноябрь Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү деп белгиленген. Дүйнөдө жыл сайын 6-8% наристе ара төрөлөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен 2004-жылы Кыргыз өлкөсүндө 22 жумадан кийин төрөлгөн 500 граммдан жогорку салмакта жарыкка келген наристени жаңы төрөлгөн бала катары каттоо критерийи киргизилген. Кыргыз Республикасында жыл сайын 8 миңге жакын бала убагына жетпей төрөлөт. Алардын 7,9 пайызын 500 граммдан 999.9 грамм салмакка чейинки төрөлгөн балдар түзсө, 10,9 пайызын 1000 граммдан 1499,9 граммга чейинкилер түзөт. Ошондой эле 500 граммдан 1499,9 грамм салмакка чейин төрөлгөндөрдүн 49,2 пайызы жашоосун андан ары улантып кетет. Жетишсиз жана туура эмес тамактанган, тамеки тарткан, ошондой эле өзү дагы убагына жетпей төрөлгөн эненин баласы ара төрөлүшү мүмкүн. Мындан тышкары оор жумуштар, стресс жана инфекциялык оорулар дагы ымыркайдын убагына жетпей төрөлүүсүнө алып келет.