17- Ноябрь 1989 -жылы Чехословакияда "Баркыт революциясы" башталган
1989-жылы 17-ноябрда Чехиянын борбору Прага шаарында "Баркыт революциясына" жол ачкан студенттик демонстрациялар башталган. Анда студенттер 1939-жылы Чехияны улутчулдардын басып алышына каршы көтөрүлүштө каза болгон студент Ян Оплеталды эскерүү максатында көчө акциясын уюштурушкан. Окуя бара-бара саясий мүнөзгө ээ болуп, 18-ноябрда акцияга катышкан студенттерге чыгармачыл интеллигенция кошулган. Ал эми 21-ноябрда Чехиянын кардиналы Франтишек Томашек бул оппозицияны колдоорун билдирген. Чехословакиядагы саясий режимге каршы бул көтөрүлүш демократия, көзкарандысыздык ураандарынын алдында өткөн. Революция Чехословакиядагы коммунисттик режимди кулатып, өлкөдөгү саясий абалды түп-тамырынан бери өзгөрткөн. Төңкөрүштүн жыйынтыгында Чехословакиянын парламенти коммунисттик эмес өкмөттү жарыялап, өлкөнүн президенти болуп Вацлав Гавел шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан