21- Ноябрь 1344 -жылы
Чехиядагы Ыйык Вита сепилинин алгачкы ташы коюлган
Чехиянын архитектуралык символу болуп эсептелген Ыйык Вита сепилинин алгачкы ташы коюлган. Бул курулуш Прага шаарында жайгашып, Европадагы эң кооз үч сепилдин катарына кирет. Сепилдин долбоорун даярдаган жана курулушту баштаган адам Матиас аттуу француз архитектору болгон. Куруу иштери башталгандан 8 жыл өткөндө ал каза болуп, анын ишин кесиптеши Пётр Парлерж уланткан. Бирок 1419-жылы башталган гуситтердин согушу, каражаттын жетишсиздиги, көтөрүлүштөр, 1541-жылы чыккан өрттөн жана башка себептерден улам сепилди куруу иштери токтоп турган.
1873-жылы Йозеф Краннер аттуу архитектордун башчылыгы астында сепилди калыбына келтирүү иштери башталып, анда Пётр Парлерждин чиймелерин колдонушкан. Ал эми 1939-жылы туристтерди суктандырган Ыйык Вита сепилинин азыркы көрүнүшү пайда болгон.