22- Ноябрь 1891 -жылы PR-индустриясын негиздеген, жарнама тармагында дасыккан ишмер Эдвард Бернейс жарыкка келген
PR-индустриясын негиздеген, жарнама тармагында дасыккан австриялык ишмер Эдвард Бернейс жарыкка келген. Анын PR тармагындагы технологиялары жана ыкмалары бүгүнкү күндө дагы колдонулуп келет. Ал бир нече рекламалык компанияларды негиздеген. Бир катар саясатчылар менен иштешип, шайлоо учурунда үгүт иштерин жүргүзүп берген. 1910-жылдын ортосунда реклама тармагында профессионалдуу түрдө иштей баштаган. 1923-жылы Эдвард Бернейс алгачкы китебин чыгарган. Бул эмгегинде ал жаңы терминдерди, түшүнүктөрдү колдонуп, маркетинг жана пиарды жалпак тил менен түшүндүрүп берген. Дүйнөнүн алгачкы пиар адиси 1995-жылы 9-майда көз жумган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан