22- Ноябрь 1909 -жылы советтик окумуштуу, Ми үлгүсүндөгү тик учактардын конструктору Михаил Миль төрөлгөн
Советтик окумуштуу, Ми үлгүсүндөгү тик учактардын конструктору Михаил Миль төрөлгөн. 12 жашында учактын үлгүсүн жасап, Томск шаарында өткөн сынакка катышып, жеңип алган. 
1925-жылы Сибирь технологиялык институтуна тапшырган. Көп өтпөй Новосибирск шаарына көчүп барып иштеп, Дон политехникалык институтуна тапшырган. Окуусун бүтүргөн соң, 1931-жылы Н.Е.Жуковский атындагы Борбордук аэрогидродинамикалык институтта иштеп калат. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдан 1943-жылга чейин Билимбай аймагында согуш учактарын оңдоп-түзөп иштеп калат. 1951-жылы анын башчылыгы алдында 3 орундуу Ми-1 үлгүсүндөгү тик учак жасалган. Кийинки жылдары Милдин командасы Ми-2, -4, -6, -8, -10, -10К, В-12, -24 үлгүлөрүндөгү тик учактарды жасап чыгарышкан. 1964-жылдан тарта тик учактарды куруу боюнча башкы конструктор болуп эмгектенген.
М.Миль 1970-жылы 31-январда Москвада көз жумган. Анын ысымы Москвадагы тик учак ишканасына жана Орусиянын бир нече шаарларындагы көчөлөргө ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан