22- Ноябрь 1944 -жылы Жонго асып алуучу парашют түрүн жасаган советтик ойлоп табуучу Глеб Котельников каза тапкан
Жонго асып алуучу парашют түрүн жасаган советтик ойлоп табуучу Глеб Котельников каза тапкан. Ал 1872-жылы 30-январда Орусиянын Петербург шаарында профессордун үй-бүлөсундө туулган. Бала чагында ырдап, скрипкада ойноп, оюнчуктардын үлгүлөрүн жасаганды жакшы көрчү. Аскер окуу жайын аяктаган соң спектаклдерде ойноп, конструкция кылууну уланткан. 1910-жылы Петербургдагы Элдик үйдүн актёру болуп жумушка орношот. Ошол эле жылы бир учкучтун өлүмүнөн таасирленип, аэроплан кырсыкка учураган мезгилде учкучтар жерге түшө ала турган аппаратты - парашютту ойлоп табууну чечкен. Ошентип Г.Котельников РК-1 үлгүсүндөгү парашютту 10 айдын ичинде иштеп чыгып, 1912-жылы июнь айында аны сыноодон өткөргөн. Г.Котельников мындан тышкары жүргүнчүлөрдү куткаруучу коллективдик парашютту, жүктөрдү дагы жерге алып тушө ала турган парашютту ойлоп тапкан. 1926-жылы ал бардык ойлоп тапкан нерселерин Совет өкмөтүнө тапшырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан