Кубалык революциячы жана коомдук-саясий ишмер, Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы (1976-2008), Кубанын 15-премьер-министри (1959-1976), айтылуу Фидель Кастро Кубанын Орьенте провинциясындагы Биран кыштагында туулган. Башталгыч билимди Фидель Кастро Сантьягодогу католиктик жатак мектептен алган. Андан соң Гаванадагы иезуиттик колледжде билимин улантып, спорт менен талбай алектене баштаган. 1944-жылы өзү окуган мектепте "эң мыкты спортчу" деп таанылган. 1950-жылы Гавана университетинде укук таануу факультетин аяктап, аспирантураны улантат. Фидель Кастро "укук таануу илими боюнча доктор" деген даражага жеткен. Ошол жылдарда ал жеке адвокаттык иштер менен шугулданып, кедей-кембагалдарга акы албастан бекер кызмат көрсөтө баштайт.