23- Ноябрь 1935 -жылы

Советтик учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Владислав Волков төрөлгөн.

Советтик учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Владислав Волков төрөлгөн. Ал Орусиянын Москва шаарында авиация кызматкерлеринин үйүндө жарык дүйнөгө келген. Серго Орджоникидзе атындагы Москва авиациялык институтун жана аэроклуб окуу жайын бүтүрүп, спортчу-авиатор күбөлүгүн алган. Институтту бүтүргөн соң В.Волков космостук техникаларды, анын ичинде космостук кемелерди жасоого катышкан. 1966-жылы ал учкучтардын отрядына кирип, кемеде учууга даярдоо курсунан өткөн. 1969-жылдын 12-17-октябрь күндөрү учкуч алгачкы жолу Союз-7 космостук кемесинин бортинженери катары космоско учкан. Ал эми 1971-жылы апрель айында Союз-10 космостук кемесинин көмөкчү экипажына кирген. 1971-жылы июнь айында экинчи жолу Союз-11 кемесинин жана Салют-1 орбиталдык космостук станциясынын бортинженери болуп космоско учкан. Жанында дагы эки учкуч - Добровольский жана Пацаевдер болгон. Алар 30-июнда Жер планетасына кайтып келе жатып, кырсыкка учурап каза болушкан. В.Волков 1969-жылы жана 1971-жылы эки жолу Советтер Созунун Баатыры наамына татыктуу болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан