24- Ноябрь 1874 -жылы
америкалык
ишкер Жозеф Глидден тикенектүү зымга патент алган
Америкалык
ишкер Жозеф Глидден тикенектүү зымга патент алган. Бул зымдар алгач мал үчүн тосмо катары колдонулган. Ошондой эле чоң территорияларды айланта курчоого ылайыктуу болуп, жайыттарда мал кармоону өнүктүргөн. 1875-жылы АКШда 270 тонна тикенектүү зым даярдалса, ал эми 1900-жылы 150 миң тоннага жеткен. Бул ойлоп табуу түрмөлөрдүн чектерине алгачкы жолу АКШда колдонулган. 1910-жылы тикенектүү зымдар Европанын айыл чарбасында колдонула баштаган. Темир жолдору салынганда бул зымдар бүткүл дүйнөгө тарай баштайт, себеби ал аркылуу адамдар тынчы жок жаныбарлардын поезддин жолуна чыгып кетүүсүнүн алдын алышкан.