26- Ноябрь 1925 -жылыТуполевдин
конструкциясынын негизинде жасалган АНТ-4 учагы сыноодон өткөрүлгөн
Советтик авиаконструктор Андрей Туполевдин конструкциясынын негизинде жасалган АНТ-4 учагы сыноодон өткөрүлгөн. Анда учкучтун кызматын Аполлинарий Томашевский аткарып, Борбордук аэродромдон башталган учуу 7 мүнөткө созулган. АНТ-4 учагы эки мотордуу оор чабуулчу самолёт болуп эсептелет. Аталган учактын эң чоң жетишкендиги болуп Москва-Нью-Йорк учуусу эсептелет. Анда ал 141 жылдык саатта 20 миң километрди басып өтүп, анын 8 миң чакырымы океандын үстүндө өткөн.