26- Ноябрь 1926 -жылы
Тапанчаны
ойлоп тапкан америкалык ойлоп табуучу Жон
Браунинг каза болгон.
Тапанчаны
ойлоп тапкан америкалык ойлоп табуучу Жон Браунинг каза болгон. Ал 1855-жылы 21-январда АКШнын Юта штатындагы Огдене шаарында төрөлгөн. Атасы куралдарды даярдоо менен алектенип, 1852-жылы курал-жарактарды сатуучу дүкөн ачкан. Ж.Браунинг 13 жашында атасынын чеберканасында өзүнүн алгачкы куралын жасаган. Ал эми 23 жашында "J. M. Browning Single Shot Rifle" деген тапанчасына патент алган. Атасы каза болгон соң бир туугандары менен бирге "J. M. Browning & Bros" аттуу курал-жарактар фабрикасын ачкан. Фирмада куралдарды оңдоп-түзөө жана жасоо менен алектенишкен. Анда Жон көбүнчө магазини бар жарым автоматтык тапанчаларды жасаган. 1903-жылы автоматтык тапанчаны жасап чыгып, бул курал 37 жыл катары менен тынбай чыгып турган. Ж.Браунинг өмүрүнүн аягына чейин ойлоп тапкан куралдарына 128 патент алган.