23- Ноябрь 1985 -жылы Боинг-737 учагында жардыруу болуп, 59 адам курман болгон
Боинг-737 учагында жардыруу болуп, 59 адам каза болгон. Боинг-737 учагы Грециянын Афины шаарынан Египеттин борбору Каирге учкан. Көп өтпөй учактын ичинде 5 террорчу жардыргыч заттар жана тапанча менен жүргүнчүлөрдү коркута баштаган. Учакта экипаждын 10 мүчөсү жана 98 жүргүнчү болгон. Согушкерлер учкучтарга учактын багытын Мальта мамлекетине буруусун айтып, буйрук беришкен. Түн ортосунда аталган учак Мальтадагы "Лука" аэропортуна конуп, ошол эле учурда Египеттин "Сака" антитеррордук тобунун 2 учагы дагы ал жерге конгон. Мальтанын жана Египеттин бийлик өкүлдөрү террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзгөнгө аракет кылганына карабай согушкерлер бир канча жүргүнчүнү атып өлтүрүп, аларды жерге ыргытышкан. Мындан улам барымтадагыларды бошотуу операциясы жүргүзүлүп, 4 террорчу өлтүрүлгөн. Террорчулар жардыргыч затты иштетүүгө үлгүрүп, жардырууга кабылган жүргүнчүлөрдүн 59у курман болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан