24- Ноябрь 2001 -жылы Швейцарияда учак кулап түшүп, 24 адам курман болгон
Швейцарияда учак кулап түшүп, 24 адам курман болгон. 2001-жылы 24-ноябрда Crossai авиакомпаниясынын Avro 146-RJ100 Regional Jet учагы Цюррих шаарындагы аба майданына конор алдында андан 4 чакырым алыс жердеги токойго кулап түшүп, 24 адам курман болгон. Аталган учак Германиянын Берлин шаарынан Швейцариянын Цюррих шаарына бара жаткан. Кырсык экипаждын мүчөлөрүнүн катасынан улам келип чыккандыгы аныкталган. Ошондой эле курман болгондордун арасында германиялык "Passion Fruit" жана "La Bouche" топторунун ырчылары да болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан