9- Ноябрь 2016 -жылыДональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланган
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланган. Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайлоодо Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп 276 добуш алып, жеңишке жеткен. Ал эми атаандашы Хиллари Клинтон (Демократиялык партия) 218 добуш алган. Президенттик шайлоо 8-ноябрда өткөн. Ага чейин америкалык беделдүү басылмалар Трампта президент болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү жогору экенин жазып жатышкан. Дональд Трамп шайлоого чейин ишкер жана саясий ишмер болуп иштеп, Барак Обама менен атаандашы Хиллари Клинтонду "Ислам мамлекети" тобун түзгөн деп күнөөлөгөн.