9- Ноябрь 2016 -жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жаңы өкмөттү бекиткен
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жаңы өкмөттү бекиткен. Жогорку Кеңеш 9-ноябрда Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекиткен. Анда Өкмөттүн жаңы курамына 112 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берген.

Өкмөттүн курамы:

– премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)

– биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев (КСДПнын квотасы)

– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)

– чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)

– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова (“Кыргызстан”, буга чейин Гүлмира Кудайбердиева болгон)

– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”, буга чейин Эльвира Сариева болгон)

– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”, буга чейин Кудайберген Базарбаев болгон)

– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)

– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)

– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)

– транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов (КСДП, буга чейин Замир Айдаров болгон)

– ички иштер министри – Улан Исраилов (КСДП, буга чейин Кашкар Жунушалиев болгон)

– юстиция министри – Уран Ахметов (КСДП, буга чейин Жылдыз Мамбеталиева болгон)

– каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)

– экономика министри – Арзыбек Кожошев ("Кыргызстан")

– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)

– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)

– айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев (“Бир бол”, буга чейин Турдуназир Бекбоев болгон)

Өкмөт 24-октябрда Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП чыккандан кийин отставкага кеткен.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан