Өкмөт отставкага кеткен. КСДП фракциясы парламенттик көпчүлүктөн чыккан соң, мыйзамга ылайык, өкмөт отставкага кетип, ал эми өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматтарында убактылуу милдетин аткаруучу болуп иштеп турушмак болушкан. 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыккан. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата-Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.