27- Ноябрь 2016 -жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти, орусиялык геолог-окумуштуу, академик жана мамлекеттик ишмер Николай Лавёров каза болгон

Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти, орусиялык геолог-окумуштуу, академик жана мамлекеттик ишмер Николай Лавёров 86 жашында Москва шаарында каза болгон. Ал 1930-жылы 12-январда Орусиянын Архангельск облусунун Пожарище айылында төрөлгөн. Киров тоо-химиялык институтун аяктап, 1954-жылы Москвадагы М.Калинин атындагы алтын жана түстүү металл техникумун бүтүргөн. Н.Лавёров радиоэкологияны негиздөөчүлөрдүн бири катары таанымал.

Ал Орусия Илимдер академиясынын геология институтун башкарган. 1989-жылдан 1991-жылга чейин СССРдин Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1989-жылы СССРдин Мамлекеттик комитетинин илим жана технология боюнча төрагасы болуп дайыналган. Николай Лавёров 1979-жылдан баштап Орус Илимдер академиясынын геология, геофизика жана геохимия бөлүмүндө мүчө-корреспондент, 1987-жылдан баштап ошол эле жерде академик болуп иштеген. 1988-жылы Орус Илимдер академиясынын вице-президенти болуп дайындалган.

Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн 3 сыйлыгынын ээси болуп, “Мекен алдындагы кызматы үчүн” орденине татыктуу болгон. Ошондой эле Украинанын Улуттук Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп иштеген.

 

1987-жылдын июль айынан тарта 1989-жылдын март айына чейин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп эмгектенген. 1991-жылдын 15-январынан 28-августуна чейин СССРдин премьер-министринин орун басары болуп иштеген. Андан соң Орусиялык Илимдер Академиясынын вице-президенти, Арктиканы изилдөө боюнча ведомство аралык комитеттин төрагасы жана Орусия Федерациясынын геологдорунун Улуттук комитетинин төрагасы болуп иштеген.

2000-жылдан тарта Көмүр-энергетикалык комплекстин эл аралык маселелер кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Мындан тышкары Николай Лавёров СССРдин самбо боюнча спорт чебери, Бүткүл орусиялык самбо федерациясынын мүчөсү болгон.

Н.Лавёров Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын башчылык кызматынан кеткен соң анын ордуна 1989-1990-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн туңгуч президенти Аскар Акаев иштеген.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан