29- Ноябрь 1987 -жылы
террордук актыдан улам Boeing 707 учагы жарылып, 115 киши каза болгон
Террордук актыдан улам Boeing 707 учагы жарылып, 115 киши каза болгон. Түштүк Кореянын "Korean Air" авиакомпаниясына тиешелүү учак Ирактын Багдад шаарынан учуп чыгып, Түштүк Кореянын Сеул шаарына бара жаткан. Ал Инд океанындагы Андаман деңизинин үстүндө учуп бара жатканда жарылып, кулап түшкөн. Окуядан кийин Түндүк жана Түштүк Корея мамлекеттеринин ортосундагы мамиле начарлап кеткен. Себеби жардыруу Түндүк Кореянын көрсөтмөсү менен корей тыңчы аял жана эркек учакка бомба койгондугунан келип чыккандыгы аныкталган. Террордук актынын максаты Сеулда өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарын үзгүлтүккө учуратуу болгон.