29- Ноябрь 2016 -жылы
Колумбияда учак кыйрап, борттогу 81 адамдын 6сы гана аман калган
Колумбияда учак кыйрап, борттогу 81 адамдын 6сы гана аман калган. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болгон. Бортто бразилиялык "Шапекоэнсе" футболдук клубунун оюнчулары да бар болгон. Учак Боливиядан абага көтөрүлүп, Колумбиянын үстүнөн учуп баратканда кырсыктаганы аныкталган. 1-декабрда Колумбиянын "Атлетико Насьональ" клубу жогоруда сөз болгон "Шапекоэнсе" командасы менен беттешмек. Команда Түштүк Америка Кубогуна катышуу үчүн Медельин шаарына жөнөгөн. Кырсык учактын күйүүчү майы түгөнүп калгандыктан келип чыккандыгы аныкталган.