Бишкекте өрт чыгып, "Южный ковчег" чиркөөсү толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 9 өрт өчүрүүчү унаа, 75 кызматкер тартылган. Өрт жалпысынан 1000 чарчы метрди чапчыган. Кырсык болгон жерге жакын жердеги мектеп имараты зыянга учурап, чиркөө толугу менен күйүп кеткен. 8 кабаттуу имараттын 4-кабатында "Рэфал" жеке менчик мектеби орун алган. Ал эми үстүнкү кабаттарда кеңселер жайгашкан.