30- Ноябрь 2016 -жылы
Үй жаныбарларынын бүткүл дүйнөлүк күнү
Бүткүл дүйнөлүк үй жаныбарларынын күнү. Бул майрамды белгилөө идеясы 1931-жылы Жаратылышты коргоо кыймылынын тарапташтырынын Италияда өткөн эл аралык конгрессинде көтөрүлүп чыккан. Анда бир катар экологиялык уюмдар жана жаратылышты коргоо коомдору адамдардагы жаныбарларга болгон жоопкерчилик сезимин тарбиялоого багытталган массалык иш-чараларды өткөрүүнү сунушташкан. Бул майрам ар өлкөдө ар кандай майрамдалат. Кээ бир мамлекетте жаныбарларды ырайымсыз мамиледен коргоого багытталган пикеттер өтсө, айрым жерлерде иттердин жана мышыктардын көргөзмөлөрү уюштурулат.