30- Ноябрь 2016 -жылы
Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү
Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү же Слоноуин. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин экологдор көтөрүп чыккан. Максаты - пилдерди ырайымсыз мамиледен коргоо жана алардын популяциясын сактап калуу. Майрамда түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, пилдер тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, алардын жашоосун чагылдырган тасмалар элге көрсөтүлөт. Пилдерге болгон мергенчилик ушул күнгө чейин токтобой келет. Эгерде бул абалды өзгөртпөсө 30-50 жылдын ичинде пилдердин Жер планетасынан жоголуп кетүү коркунучу бар экендигин экологдор эскертишет.
Пилдер кургактагы сүт эмүүчү жаныбарлардын эң чоңу болуп эсептелет.
Индиялык жана африкалык пилдер жоголуп бараткан жаныбарлардын түрүнө киргендиги үчүн Кызыл китепке киргизилген. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму 1989-жылы пилдин сөөгү менен соода кылууга тыюу салган.
Жаңы туулган пилдин баласынын салмагы 100-120 килограммды түзөт. Ургаачы пил баласын жарык дүйнөгө алып келгенге чейин ичинде 22 ай көтөрөт.