29- Ноябрь 2016 -жылы
Түркиянын Адана провинциясындагы мектеп жатаканасында өрт чыгып, 11 окуучунун өмүрү кыйылган
2016-жылдын 29-ноябрында Түркиянын Адана провинциясындагы мектеп жатаканасында өрт чыгып, 11 окуучунун өмүрүн алып кеткен. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те башталган. Тилсиз жоонун кесепетинен 11 окуучу жана 1 тарбиячы каза болгон. Окуучу кыздар 11-14 жаштарда болушкан. Алар жалындан сыртка чыга албай, жатакананын үстүңкү кабатында калып калышкан. Айрымдары терезеден секиришкен.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна электр зымдарындагы чукул туташуулар себеп болгон.