1- Декабрь 1945 -жылы Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясы негизделген
Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясы негизделген. Ал Парижде өткөн Эл аралык аялдардын конгрессинде аялдардын укуктарын, балдарды жана алардын бакубаттуулугун коргоо, элдердин көз карандысыздыгын жана демократияны камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Бул федерация улутуна, расасына жана диний, саясий көз караштарына карабай бардык континенттердеги аялдарды бириктирет. Уюмдун алгачкы президенти болуп франциялык коомдук ишмер жана физик Эжени Коттон дайындалган. 1974-жылы федерацияга 97 өлкөдөн 112 улуттук аялдар уюму кирген. Бул уюм буга чейин 16 жолу конгресс өткөрүп, алар Будапешт, Копенгаген, Вена, Хельсинки, Берлин, Прага, Москва, Париж, Бейрут, Каракас, Бразилиа жана Богота жана башка шаарларда уюштурулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан