1975-жылы кулинардык техникумдун студенти жөнүндө телевизиондук номер көрсөтүп, ал куудулга чоң ийгилик алып келген. Мындан башка бир нече миниатюралар Г.Хазановду атактуулукка жеткирген. Ал белгилүү сатириктер менен иштешип, Аркадий Хайт, Семён Альтов, Лион Измайлов жана башкалар тамашаларды жазып беришкен. Г.Хазанов куудул катары гана эмес, театралдык режиссёр жана актёр катары дагы белгилүү. Андан тышкары белгилүү мультфильмдерде үн коштогон. Айта кетсек, "Мышык Леопольд жана Алтын балык", "Жоголгон тоту куштун кайтып келүүсү 1, 2, 3" мультфильмдеринде үн коштоп, "Ералаш" киножурналынын 3 чыгарылышына тартылган. Ошондой эле "Менин керемет бала багуучум", "Чогуу бактылуу", "Үйдө ким кожоюн?", "Тынч айлампа" тасмаларында роль жараткан.
Куудул "Мекен алдындагы кызматы үчүн" жана Достук ордендеринин ээси. Бүгүнкү күндө Г.Хазанов Москва мамлекеттик эстрадалык театрында жетекчилик кызматты аркалайт.