30- Ноябрь 2016 -жылы Нооруз, румба бийи, Бельгиядагы сыра жасоо жолу ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирген
Нооруз, румба бийи, Бельгиядагы сыра жасоо жолу ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирген. Мындай чечим Эфиопиядагы Аддис-Абеба шаарында Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо комитетинин жыйынында кабыл алынган. Азербайжан, Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандан түшкөн сунуш менен Нооруз майрамы Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирген. Эксперттер Бельгиянын да сунушун кабыл алып, сыра жасоо жолун жана анын дегустациясын да аталган тизмеге кошкон. Бельгияда 1500дөй сыра түрү жасалат. Үйдө жасалган сыра баарынан белгилүү деп эсептелет. Ошондой эле, тизмеге кубалык румба бийи да кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан