2- Декабрь 1977 -жылы Ливияда Ту-154 учагы кырсыкка кабылып, 59 адам каза болгон
Ливияда Ту-154 учагы кырсыкка кабылып, 59 адам курман болгон. LZ-BTN борту Сауд Арабиянын Жидда шаарынан учуп чыгып, Ливиянын Бенгази шаарына бара жаткан. Андан 4 ай мурун Египет менен Ливиянын ортосунда согуш жүрүп, жыйынтыгында Египет мамлекети Ливиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап койгон эле. Мындан улам Ливияга бара турган авиалайнерлер Египеттин аба мейкиндигин айланып өтүүлөрү керек болгон. Ту-154 Бенгазиге жакындап калганда туман пайда болгон. Экипаж Бенин аба майданына конууну чечип, бирок тумандан улам Аль-Абрак аэродромуна конууга даярдана баштайт. Көп өтпөй учактын күйүүчү майы түгөнүп, кыймылдаткычтары иштебей калган. Жыйынтыгында учак кыйроого учурап, борттогу 59 адам каза болуп, калган 106 киши аман калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан