Советтик
хирург-кардиолог Николай Амосов туулган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда хирург болуп иштеп, согуштан соң Москва шаарында жашаган. 1950-жылдардын башында Украинанын Киев шаарына көчүп барып, медициналык институттагы кафедраны башкарган. Амосовдун илимий-практикалык ишмердүүлүгүндөгү негизги багыт болуп жүрөк ооруларын хирургиялык дарылоо эсептелет. 1955-жылы Украинада биринчи болуп жүрөк кемтигин дарылоо менен алектенип, аны хирургиялык дарылоо методдорун жана СССРде биринчилерден болуп жасалма кан айлантуучу аппаратты ойлоп тапкан.