9- Декабрь 1937 -жылы Сүттүн майлуулугун аныктоочу аппаратты ойлоп тапкан швед ойлоп табуучусу Нильс Густав Дален каза болгон
Сүттүн майлуулугун аныктоочу аппаратты ойлоп тапкан швед ойлоп табуучусу Нильс Густав Дален каза болгон. 
Ал 1869-жылы 30-ноябрда Швециянын Стенсторн шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң айыл чарба институтунда багбанчылыкты жана сүт өндүрүүнү өздөштүргөн. Окуп жүргөндө Дален бир нече айыл чарба техникасынын үлгүлөрүн жасаган жана сүттүн майлуулугун аныктоочу аппартты ойлоп тапкан.
1892-жылы Чальмерз институтуна тапшырып, 4 жылдан кийин инженер-механик адистигине ээ болгон.
1900-жылы кесиптеши менен "Далеy жана Целсинг" деген инженердик фирманы негиздеген. Бир жылдан соң Швециялык карбиддик-ацетилендик компанияга техникалык жетекчилик кызматка отуруп, аталган компания эритилген ацетиленге (газ аккумуляторуна) патент алган. 1912-жылы ойлоп табуучу катардагы экспериментин жүргүзүп жатып жаракат алып, көздөрү көрбөй калган. Ага физика боюнча "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан